Талкуу учурунда депутат Жылдыз Мусабекова өкмөттү Ат-Башы райондук ооруканасынын материалдык-техникалык жана кадрдык маселелерине көңүл бурууга чакырып, коронавируска каршы аталган мекеме сапаттуу медициналык жардам көрсөтө албай тургандыгын жүйө келтирди.

“Оорукананын абалы канаттандырарлык гана. Андан тышкары, дарыгерлер да жетишсиз, иштегендегендердин көпчүлүгү 60 жаштан жогоркулар. Ал эми илдетке каршы күрөшүү үчүн аталган ооруканага рентген-аппараты, тез жардам унаасы жана башка медициналык каражаттар керек”, – деди Жылдыз Мусабекова.

Ошондой эле эл өкүлү өкмөттү 1984-жылы курулган Ат-Башы районундагы ооруларды алдын-алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун абалына көңүл бурууга үндөдү.

Булак: Кабар