Бул тууралуу бүгүнкү 15-апрелдеги онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Үсөнбаевдин айтымында, жаңы учурлар Бишкек, Ош шаарларында жана Ош облусунда катталды. Ошону менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 449 адамга жетти. Ал эми, акыркы суткада 7 адам бул дарттан айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Жаңы катталгандар:
- Бишкек шаарында 5;
- Ош шаарында 12 ;
- Ош облусунда 2.
Жаӊы учурлардын ичинен 14 аял киши, 5 эркек киши.