Бул тууралуу Жогорку Кеңеште комиттердин жыйыны учурунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

- 1-апрелге карата өлкөдө 111 адамдан коронавирус аныкталган болчу, 14 күндүн ичинде эле алардын саны 430га жетти, - деп белгиледи Боронов. - Учурда обсервацияларда 938 адам бар, 99 бейтапта коронавирус шектелүүдө.

Мындан сырткары, биринчи вице-премьер COVID-19 менен күрөшүүгө тартылган кызматтар тарабынан бөлүнгөн коргонуучу каражаттардын саны туурасында да парламент мүчөлөрүнө маалымат берип өттү.

Боронов муну менен бирге Кыргызстанда жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз экенин жашырган жок.

- Жасалма дем алдыруучу аппараттар чындыгында эле жетишсиз экени белгилүү болду, - деди ал. - 649 даана жабдуунун ичинен 134ү жараксыз, ал эми дагы 77син оңдоп-түзөө керек. Учурда мындай аппараттарды сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатат, демөөрчүлөрдөн да түшүүдө.

Боронов өлкөдө COVID-19 жуктургандар үчүн ооруканаларда 2000ден ашык орун даярдалганын билдирди.

Булак: vesti.kg