Саясатчы Кыргызстандын бийлиги ЕАЭБге кирген өлкөлөр менен мына ушундай келишимге жетишиш керектигин айтты.

«Союз, достук ушундай оор кырдаалда аныкталып, тагдыры чечилет. Орусияга «эгерде чын эле союздаш, дос болсоң биздин ооруп калган жарандарыбызды өзүңдүн жарандарыңдай карап, көз сал» деп айта турган мезгил келди», - деди «Жалбырак ТВ» каналына берген комментарийинде.

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-апрелде Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин жетекчилеринен онлайн өткөн жыйында кыргыз мигранттарына жеңилдик берүүнү сураган.

Буга чейин мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Азаттыкта» курган маегинде COVID-19 вирусуна байланыштуу шартта Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) дараметин көргөзө албай жатканын айткан.

Булак: Азаттык