Бишкек, “Саясат.kg”.  Бүгүн, 14-апрелде Кыргызстанда дагы 11 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Н.Үсөнбаевдин айтымында, жаңы катталгандар Бишкек шаарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынан аныкталган. Ошону менен  өлкөдө коронавирус  илдетине кабылгандардын  жалпы саны 430 адамга жетти.

COVID-19 вирусун жуктурган 11 жаӊы катталгандардын  ичинен 6то аял киши, 5шө эркек киши.  

 Алардын ичинен:

- Бишкек шаарында 8;

- Чүй облусунда 1;

- Жалал-Абад облусунда 2.