Космосбектин шалаакылыгы улантылып жатат! Санитардык-эпидемиологиялык станциясынын (СЭС) башкы врачын кызматтан алуу жетишсиз. Аны жоопкерчиликке тартыш керек. Анткени, жетекчинин шалаакылыгынын айынан СЭСтин 12 кызматкери Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткырылды. Алардын ичинен айрымдары абалы оорлошуп, дем алдыруучу аппаратында жатышат .10 кызматкерди карантинге жаткырышты. Азыр 4 кызматкер гана иштеп жатат. СЭСтин кызматкерлерине ушундай шалаакылык мамиле кылган жетекчини жөн гана кызматтан алып койбостон, жоопкерчиликке тартыш керек. Себеби, билип туруп ушундай аракеттерди кылган”- деп жазды блоггер Элнура Кулуева.

Бүгүнкү күнгө өлкөдө 419 адамдын коронавирус жуктургандыгы тастыкталды. Каза тапкандардын саны 5.

Коронавирустук инфекциянын дүйнөдө жана өлкө ичинде жайылышы боюнча оперативдүү маалыматтар биздин телеграм-каналда: https://t.me/sayasatkg