“Кыргызстан да дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү катары финансылык уюмдардан жардам алууга акысы бар. Айрым медиа каражаттарында “биздин өлкөбүз кайырчы болуп калды” деген сөздөр айтылып жатат. Бүгүнкү күндө 200дөн ашык өлкөдө коронавирус тарап, бардык мамлекеттер эл аралык финансы институттардын жардамдарына муктаж болууда. Мисалы, Эл аралык валюта фондунан 80ге жакын өлкө шашылыш жардам алды. Ошол сыяктуу эле Кыргызстан да дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү катары ушундай финансылык уюмдардан жардам алып жатканыбыз туура деп эсептейбиз”,- деди К.Боронов. Ошондой эле анын айтымында, сырттан келген жардам Кыргызстанга өтө зарыл болуп турат.

Ошондой эле брифингде К.Боронов Республикалык ыкчам штабдын медицина адистеринин анализине таянып, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароону президентке сунуштап жатышканын тастыктады

Азырынча, бир катар шаар-райондордогу өзгөчө абал, а айрым аймактардагы өзгөчө кырдаал режимин 30-апрелге чейин узартуу сунушталууда.

Бүгүнкү күнгө өлкөдө 419 адамдын коронавирус жуктургандыгы тастыкталды. Каза тапкандардын саны 5.

Бүгүн коронавируска каршы республикалык штабда иштеген бир кызматкер коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. “Учурда аталган адис дартка кандай шартта чалдыкканы териштирилип жатат”,- деди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев. Анын айтканына  караганда, вирус табылган кызматкер менен байланышта болгондордун баарынын анализи таза чыккан.

Коронавирустук инфекциянын дүйнөдө жана өлкө ичинде жайылышы боюнча оперативдүү маалыматтар биздин телеграм-каналда: https://t.me/sayasatkg