Баткен облусунун Кадамжай районундагы Шады айылынын кире беришинде орнотулган блокпостто жергиликтүү аял «айылга өткөргүлө» деп ызуу-чуу салган. Окуянын видоесу интернетте тарады.
Аял эч кимден коркпосун айтып, «Каалаганыңды чакыр! Керек болсо Сооронбайды чакыр!» , - деп кыйкырып жатканын угууга болот.
Баткен облусунун ОИИБнын басма сөз кызматы видеодогу аялды табышканын Vesti.kg сайтына маалымдады.
- Окуя үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде 11:30да Шады айылынын жанындагы блокпостто орун алган, - деп такташты милициядан. 34 жаштагы Халмион айылынын жашоочусу постто турган кызматкерлери тилдеп, өзү отурган унааны өткөрүүнү талап кылган.
Милиция бул факт боюнча иликтөө жүргүзүүдө.
Булак: vesti.kg