Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингдин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министрлигинде иштеген кызматкер аял коронавирус жуктурганын ырастады.
- Бул жерде сөз республикалык масштабдагы саламаттыкты сактоо мекемесинин кызматкери жөнүндө болууда. - деди ал. - Ал ыкчам штабда иштөө үчүн тартылган. Учурда бул кандай жагдайларда болгонун аныктоо боюнча иликтөө жүрүүдө. Ал тийиштүү дарылануудан өтүп жатат. Тыгыз байланышта болгон адамдардан анализ алынды, бүгүнкү күндө алардан коронавирус табылган жок. Байкоо жүргүзүлүүдө. Биз бардык керектүү чараларды көрүүдөбүз.
Нурболот Үсөнбаевдин айтымында коронавирустан айыккан адамдардын организминде чоң өзгөрүүлөр байкалбайт.
Булак: vesti.kg