Ал «Азаттыкка» берген комментарийинде «дарыгер ажы тойго барып вирус жуктурган» деген маалыматты берген чиновниктер жазасын алышы керектигин айтты. Бул маселе Жогорку Кеңеште да караларын, өкмөткө жана республикалык штабка кат жибергенин кошумчалады.
«Кан аралаш жөтөлүп жаткан дарыгерлер бар экен. Сүйлөй албай калгандары бар. Мени менен сүйлөшүп жатып да аба жетпей, сүйлөй албай калып жатышты. «Бизди акчасы да, эч нерсеси кызыктырбайт, тирүү калсак деп жатабыз. Биздин атыбызды, аброюбузду коргоп бергиле!», - деп ыйлашты. Баары эле өмүр бою иштеген дарыгерлер», - деди Касымалиева.
12-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу 63 медицина кызматкерине жукту. Алар - дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана санитарлар.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 8-апрелде онлайн-брифингде дарыгерлердин бири умрага барып келген кошунасынын чайына барып, ошол жактан жугузуп алганы тууралуу маалымат келип түшкөнүн айткан.
Ош шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынын медицина кызматкерлери бул маалыматты четке кагып, айтылган сөздөргө нааразы болгон 20 дарыгер кол койгон кайрылуу социалдык тармактарга жарыяланган. Анда ооркуана жетекчисин өкмөткө жалган маалымат берип жатат деп айыптаган. Ош облусундагы медкызматкерлердин ооруну топ-тобу менен жугузуп алышы боюнча билдирүүнүн комиссия иликтеп жатат.
Булак: Азаттык