Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Муну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 79 адамга жетти.
Жаӊы бейтаптар:
- Бишкек шаарында — 9;
- Ош облусунда— 4;
- Ош шаарында — 2;
- Баткен облусунда — 1 адам.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпы 419 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Булак: Баракелде