“Альянс Алтын” ЖЧК акционерлери тарабынан бөлүнгөн 16 млн сомдун алкагында коронавируска каршы күрөшүүгө жана профилактика жүргүзүүгө Талас облустук бириккен ооруканасына өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараты жеткирилди.

Бул аппарат COVID -19 инфекциясына чалдыккан бейтаптардын өмүрүн сактап калууда маанилүү милдетти аткарат, дүйнө жүзү боюнча бул аппаратка суроо-талаптар көп болгондугуна байланыштуу аппараттын жетишсиздиги байкалууда.

Белгилеп кетсек, бул “Алтын Альянс” компаниясынын регион үчүн биринчи жардамы эмес. Буга чейин коронавирустун чыгышына жол бербөө максатында Таласта азык-түлүк жана медициналык каражаттар түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлүп, аймакты дезинфекциялоо боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөн.