Кытайдан чыккан жаңы коронавирус боюнча маалыматтар соо адамды жинди кыла турган болду. Анткени, күн сайын миңдеген жаңы учурлар катталып, аягы көрүнбөй жатат. Тилекке каршы, COVID-19га каршы күрөштүн алдыңкы катарында болуп жаткан медицина кызматкерлерин дагы вирус аяган жок. Дүйнө жүзү боюнча коронавируска каршы чечкиндүү күрөшкө чыгып, өздөрү да ооруп калган учурлар өтө көп. Бул чыныгы баатырдык! Алар болбосо, адамзат кырылып калаары да бышык. Демек, медицина кызматкерлерине карата мамлекеттин камкордугу өтө жогорку деңгээлде болушу зарыл. А эгерде мамлекетиң элементардуу маска менен камсыз кыла албай калсачы? Кыргызстанда медиктердин коргоо костюмдары, маскалары жок экендиги тууралуу коңгуроо кагып чыккандар көп эле болду. Бирок, антип чыкандын баарын атайын кызматтар коркутуп-үркүтүп жатып, алар ачык чыккандан айбыгып туруп калышты. А “ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт”. Дал ошондой эле көрүнүш орун алды. Бүгүнкү күндө 63 медицина кызматкерине коронавирус жукту.

 “Буга ошогон фактылар тууралуу маалыматтар ачык айтылбайт. Анткени, дарыгерлерге, медайымдарга шарттын жоктугу тууралуу айтууга тыюу салынган. А түгүл, минтип айтып чыккан дарыгерлерге, үй-бүлөлөрүнө МУКК менен ИИМ куугунтук уюштуруп, элден “жалган маалымат таркаткандыгы үчүн” кечирим суратууда. Дал ошонун айынан коптөгөн дарыгерлер коронавирус жуктуруп алышты”,- дейт "Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Джакупова.

Дарыгерлерге карата кыянаттык менен мамиле кылуу фактысы тууралуу редакцияга кат түрүндө №6 шаардык клиникалык ооруканасынын дарыгерлери кайрылышты. Албетте, жумуштан айдалып кетүү коркунучунан улам алар өздөрүнүн аты-жөнүн айтуудан баш тартышты.

Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында №6 ооруканага 55 жаштагы Бишкек шаардык санэпидкөзөмөл кызматынын эпидемиологунун жардамчысы – Марсбек Тыналиев кургак жөтөл жана температурасы бийик болуп келип түшкөн. Эмилбек кызы Айгерим – ошол күнкү нөөмөтчү дарыгер ага алдын-ала “пневмония” диагнозун койгон. Аталган факт башкы дарыгер Э.Мукамбетовага жана эпидемиолог Айнагүл Рыскуловага билдирилген. Алар оорулууну пульмонология бөлүмүнө жаткызууга уруксат берген. Ошол эле учурда орулуунун COVID-19 тастыкталган жарадар менен контактта болгондугун эске алып да коюшкан эмес. 1-апрелде гана, эпидемиолог Айнагүл Рыскулова менен кеңешип, оорулууну Бишкектеги инфекциялык ооруканага которушкан. Буга карабастан, №6 оорукананын эмгек жамаатынын арасында эч кандай профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн эмес. 8-апрелде болсо эпидемиологдор келишип, Тыналиев менен байланышта болгон медиктерден анализ алышкан (3 дарыгер, 2 мээрман айым) да, үй шартындагы обсервацияга коё беришкен. Себеби, М.Тыналиевдин анализинен коронавирус бар экендиги тастыкталган. Абалы оордоп, реанимацияга киргенден кийин гана аны менен байланышта болгон дарыгерлерди ойлоп жатышпайбы! Толук кайдыгерлик! “Эң коркутканы – мунун баары оорукананын кызматкерлеринен жашыруун жасалгандыгында. Биздин сурообузга башкы медайым “коркпогула, силер эчтеке болбойсуңар” деп жооп берет. Биз аргабыз кеткенде Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам байланыш линиясына кайрылдык, алар “карайбыз” деген боюнча жок. Биздин үй-бүлөбүз, балдарыбыз бар. Ден-соолугубуз үчүн кабатырбыз. Бизге жардам керек”,- делет катта.

КР Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абыдкаримов мырза бул окуяны толук териштирип, медиктерди коргоого алышы кажет! Же тескерисинче, кайра аларды чындыкты айткандыгы үчүн куугунтуктайсыңарбы? Расмий жооп күтөбүз!