Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, 12-апрелге карата Кыргызстанда дагы 38 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Жаңы учурлар Бишкек, Ош шаарларында, Ош, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 377 адамга жетти.
Жаңы катталган бейтаптар:
- Бишкек шаарында 5;
- Чүй облусунда 3 ;
- Ош облусунда 3;
- Ош шаарында 12;
- Ысык-Көл облусунда 2;
- Нарын облусунда 13.
Булак: Баракелде