Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 57, Ош шаары боюнча - 7, Жалал-Абад шаары - 14, Сузак району – 4, Кара Суу район - 3 жаран кармалып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.
"Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди. Жалпысынан алганда өлкө аймагында 2327 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалды", - деп айтылат маалыматта.
Булак: Кабар