Ажы тойго барып, коронавирус жуктурду деген дарыгер Тамила Нуркамилова анын баары жала экенин айтты:

“- Урматтуу коллегалар, мага сиздердин жардамыздар керек, мен 3-апрель күнү коронавирус диагнозу менен Ош областтык клиникалык ооруканасына оор абалда түштүм, Кудайга шүгүр, дарыгерлердин жардамы менен дурусмун.

Мени шок түшүргөн бүгүнкү маалымат болууда. “Дарыгер ажыдан келгендердин үйүнө барып чай ичип, ооруп калып, башка медицина кызматкерлерине жугузду”- деген кур- доомат, жалган жалаа. Мен эч кандай ажы тойго барган эмесмин, менден 3-4 күн мурда бөлүмдөгү дарыгерибиз Сайра Шакирова, андан кийин 28-мартта 1-жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Зарина Раимкулованын дене табы 38° болгон, биз баардыгыбыз бир маршруткада жумушка барып келип жатканбыз. 30-март күнү түндөсү менин температурам 37.1°ге чыгып, ошол боюнча жумушка барган эмесмин.

Шейшемби күнү зав. стационар Кайрат Макамбаевичке чалып, “менин температурам 37.1°болуп жатат, тест система барбы?”- десем: “сүйлөшүп көрөйүн”- деди, ошол бойдон жооп болгон жок, шаршемби күнү кечинде вирусологдордон сурандым, себеби акыбалым оорлошо баштады эле, “анализ алып коё аласыңарбы”- деп. Бейшемби күнү эртең менен ПЦР тапшырдым, “жыйынтыгы күмөндүү болуп жата”т дешти. Мен кайрадан Кайрат Макамбаевичке телефон чалып, “жаткыза бергилечи”- десем: “сиздики 37 эле экен, штаб чечет” деп жаткызбай коюшту.

Урматтуу дарыгерлер, мен 3 күндөн бери плазма алып, кислороддомун. Мен 1987-жылдан бери дарыгер болуп иштейм, мага бүгүнкү жалган берилген маалыматтан, жалган жалаадан кутулууга жардам бериниздер. Бул маалыматты ким берген болсо дагы “бул врач оор акыбалда жатат, өлүп калса эч ким текшербейт” деп өзүнүн керт башын сактап калуу камылгасын көрүүдө.

Бүгүн эрте менен Кайрат Макамбаевич телефон чалып, “ватсаптан болсо дагы объяснительный жазып коюнузчу”- деди эле, мен “эч нерсе жазбайм” дегенмин, балким менин ордума өздөрү жазып койгон болушу да мүмкүн, менин акыбалым дагы деле оор, кислороддомун. Ушунча жыл медицинада иштеп, жөн жерден кур-дооматка калдым. Мүмкүн болсо Минздравка жана маалымат сайттарына жеткизишке жардам бериниздер. Акыбалымдын оордугунан колум титиреп, ыйлап жатып жазып жатам”.