Бул тууралуу «Antiviral Research» илимий журналында жарыяланган изилдөөдө айтылат.

Бул жерде антипаразиттик дары ивермектин жөнүндө сөз болуп жатат.

Дарыгерлер лабораториялык текшерүүлөрдү коронавирус жуккан клеткаларга ивермектин кошуп өткөрүштү. Бул дарыны колдонгондон 24 саат өткөндөн кийин вирустук клетканын культураларындагы үлүшү 93% га, 48 сааттан кийин 99% га төмөндөгөн.

Изилдөөнүн жыйынтыгы менен макалада: «Бир жолку дарылоо 48 сааттын ичинде клетканын культурасында вирустун 5 миң эсеге азайышына алып келиши мүмкүн», - деп айтылат.

Окумуштуулар ивермектин вирусту дээрлик толугу менен жок кылат, демек аны COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана келечектеги дарыларды иштеп чыгуу үчүн колдонсо болот деген тыянак чыгарышты.

Булак: Баракелде