- Дарыгерлерди учурунда атайын кийим менен камсыздай албаганы үчүн бүгүн коронавируска кабылган ак халатчандардын саны өсүп, 32ге жетти. Мындан ары шалаакылыкка жол берген өкмөттүн иштегенге акысы барбы?
Ырысбек Өмүрзаков, журналист:
“Бул өкмөт “коронавируска чогулган акча каражатты кандай “ап” дейбиз”- деген уюшма топтой сезилет”
- Дарыгерлерди атайын кийимдер менен камсыздай албаган өкмөт мындан ары деле иштей берет. Улам пресс-конференция берип, “кыйратып атабыз”- деп жүрө беришет. Кеп бул Өкмөттө эмес, 10 жылдан бери өкмөттү, “өкмөт” деп кабыл алганыбызда. Аны менен биздин парламентик республикада баарын билген, баарын чечкен президентибизде. Эл кыйынчылыктарды башынан өткөзүп жатса, президенттин "боштугун" айткым келет. Азыр карантинди бузгандар өтө көп. Ар бир айылда бош жүргөн жаш балдар “жарандык активистмин”, деп уюшуп, жолдорго эч бир уруксаттары жок, өкмөттү да уруп ойнобой, пост коюп алышып, ары бери өткөн унааларды текшерип, жүргүнчүлөргө салык салып, акча тапкандар да чыгып жатат. Көбү участковый менен бирге “элдик кошун” деп мародерлуктун бир түрүн жасап жаткандар туралуу соц тармактарда да сөз болду. Ошолорду “тумшукка уруп”, иши жокторду карантинде болсо карантинде жатыш керек деп, өкмөт өзү чыгарган токтомдорду, чечимдерин аткартса, “а, бу деле өкмөт экен”,- дейт элем. Азырынча, бул өкмөт мага “коронавируска чогулган акча каражатты кандай “ап” дейбиз”, жана “бюджеттин миллиарддарын 2010- жылдагыдай кантип чампалайбыз?”- деген суроону кандай нукта чечебиз деп уюшулган патиялардын кошулма тобундай эле сезилет.
Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:
“Мунун баарына өкмөт күнөөлүү”
- Өкмөттүн бир дагы мамлекеттик өнүгүүгө жол ачкан стратегиялык программасы жок. Премьер-министр кызматына күнүмдүк ишти алып барган катардагы эле кызматкердей мамиле кылат. Ошон үчүн жасаган ишинин баш-аягы жок. Алыс барбай эле жаңы келген Мишутиндин иштегени менен биздин премьер-министрдин ишин салыштырып көрөлү. Уяласың, намыстаңасын. Өзгөчө абал боюнча үчүнчү жумага кирдик. Жөнөкөй комендатураларынын иштөө механизми жок. Республикалык штаб өз жашоосу менен алек. Мобилизациялап, бир команда кылып иш алып барган топ жок. Бийлик башчысынын иш аракети барган сайын төмөндөп, кылган иши бир райондун орто акимине да жетпей баратат. Эптеп эле акча топтоо менен алек болуп калышты. Ички ресурстарга таянбай, эптеп эле акча алуунун айласын издеп жатышат. Коркунучтуу илдет тараарын бүт массалык маалымат каражаттары белгилеп жатканда январь, февралда эле коопсуздук пландарды бекитип, сырттан кирген, чыккандардын тескеп, тизмектеп, учетун тактоо чек арада жана аэропорттун тегерегине уюштура баштаганда мындай опурталдуу жагдай жаралмак эмес. Эми ушундай катачылыктарга жол бергени үчүн командасынын 95 пайызын алмаштырган премьер өзү ордун бошотуп кетиш керек болчу. Бизде улам кадрларын алмаштырып, өзү кызматын сактап калган кызыктай жагдай орун алып жатат. Мына өкмөт башчынын кенебестигинен дарыгерлер спец кийимге жетпей оорууну жуктуруп, өздөрү дарыланууга аргасыз болуп калышты. Мунун баарына өкмөт күнөөлүү.
Бейшенбек Абдырасаков, экс-депутат:
“Өкмөт бир жолку кийген спецкийимдер эмес, эң жөнөкөй маска менен камсыз кыла алган жок”
- Январда Кытайда башталганда эле даярдык көрүш керек эле. Кошунада болгондон кийин бизге да келмек. Өкмөт бир жолку кийген спецкийимдер эмес, эң жөнөкөй маска менен камсыз кыла алган жок. Түшүнгөн кишиге 3 ай убакытты Кудай “даярдансын” деп берди. Кездемелерди Кытайдан алдырып, Кыргызстандагы тигүү цехтерине эле тиктирип, камсыздап коюшса болмок. Дагы Кудай сактап, Кытайдын жаңы жылы болуп чек ара жабылып калды. Андай болбогондо Италиядай болмокпуз. Ошондой эле январда эле Умраны токтотуш керек эле! Эми канча жарандын убалына калышты. Кудай өзү сактасын, канчасына жугузушту, канчасы текшериле элек, дагы канчасы билбей элге жуктуруп жүрөт. Мына ушунун баарына өкмөт жооп бериш керек. Эки кишини кызматтан алса эле маселе чечилип, баары ордуна келип калбайт. Тынч заман келгенде эл сурайт, азыр илдет өтүп кетсин деп эл чыдап отурат.