Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Өкмөтү тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча бардык тийиштүү күч-аракеттер көрүлүүдө.

Өз кезегинде Озонниа Ожиело вице-премьер-министр Аида Исмаиловага аталган иш-аракеттерде толугу менен колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.

— Биз Кыргызстанга, өзгөчө, мамлекет кыйын кырдаалда турган мезгилде бардык тийиштүү көмөктөрдү берүүгө даярбыз, — деп кошумчалады ал.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Назира Артыкова коронавирус инфекциясын дарылоо жана дартты аныктоо жаатындагы сунуштамаларын берди.

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон социалдык-экономикалык чараларды талкуулады.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова эл аралык уюмдарга кызматташтыгы жана көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Булак: Маралфм