Владислав атуу кыргызстандык мекендештерине кыргыз тилинде кайрылып, түндүк-түштүк болуп бөлүнбөй, коронавируска каршы күрөштө биримдиктүү болууга чакырды. Анын бул видеосу Инстаграм социалдык тармагында тараган.
«Менин атым Владислав. Мен Кыргызстанда төрөлгөнүмө абдан сыймыктанам. Мен кыргыз тилинде эркин сүйлөйм. Бирок, менин кыргыз досторум эне тилин унушутуп, башка тилде сүйлөшкөнүнө, түндүк-түштүк, уруу-айылдаш деп элди бөлүп жарганына абдан өкүнөм. Башка улуттагы өз жердештерин өздөрүнөн төмөн көргөн досторума абдан таң калам. Урматтуу мекендештер, биз өз мекенибизди бардыгыбыз бирдей жакшы көрөбүз. Манас бабабыз айткандай: «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралык!». Бул илдетти биз биргеликте жеңебиз. Алга, Кыргызстан!», - дейт видеодо кыргызстандык.
Булак: vesti.kg