Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек шаарында, Чүй, Нарын, Жалал-Абад, Ош облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 270 адамга жетти.
Аймактардагы буга чейинки жалпы (228 адам) көрсөткүч:
- Бишкек шаарында 25;
- Жалал-Абад облусунда 80;
- Ош облусунда 86;
- Ош шаарында 20;
- Баткен облусунда 4;
- Нарын облусунда 5;
- Ысык-Көл облусунда 3;
- Чүй облусунда 5 адам.
Булак: Баракелде