Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде АКИpress агенттигине министрдин орун басары өзү билдирди.

Анын айтымында, коронавируска карата тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыккан.

«Мен өлкөнүн түштүгүндө 3 жума жүрдүм, андан кийин үй карантинине алындым. Үч күндөн кийин карантиндин мөөнөтү аяктайт. Мен өз милдетимди аткарып, жумушка чыгам», - деди ал.

Ошондой эле өлкөнүн башкы санитардык дарыгери — саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков гипертониялык кризге байланыштуу ооруканада дарыланып жатат.

Гипертониялык криз — жүрөк-кан тамыр системасынын артерия кан басымынын туруктуу жогорулашы менен мүнөздөлгөн оору.

Булак: Баракелде