Бул тууралуу өкмөтү үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданыт Алмазбек Орозалиев билдирди
Анын айтымында, кармалгандардын ичинен 62си эркек, 12си аял кишилер.
Орозалиев, өзгөчө абал киргизилгенден бери, 25-марттан 6-апрелге чейин шаар аймагында канча кылмыш жана жорук катталганы тууралуу маалымат берди.
"Жалпысынан катталган кылмыш жана жоруктардын саны 516ны түзөт. Анын ичинен 467 кылмыш жана жоруктун бет ачылды", - деди ал.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата Бишкекте коменданттык саатты бузган 1 миң 450 адам кармалган. Алардын 1 миң 256сы эркек, 196 аял киши.
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.
Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-апрелге карата коронавирус жуктурган 12 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 228ге жетет. Алардын ичинен 33 адам коронавирустан айыккан. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.
Булак: Кабар