- Эркингүл эже, 9 дарыгерге аты жаман дарт жукту. Буга ким жоопкер?

- Дарыгерлерге коронавирустун жугушу абдан өкүнүчтүү. Буга биринчиден, атайын сактоочу кийимдердин жетишсиздиги, экинчиден, вируска каршы даярдыктын жоктугу, үчүнчүдөн, чиновниктердин шалаакылыгы себеп болду деп ойлоймун. Анткени, президент эки ай мурун “даярдангыла” деген, бирок, Республикалык штабтын жетекчиси, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев: “биз даярбыз, жеңебиз” деп эл алдында сүйлөшкөн! Жеңмек турсун, анализ чыгаруу үчүн аппараттары жок экен го. Ушундай шалаакылыкка жол бергени үчүн күнөөлүүлөрдү жумуштан бошотмок түгүл, жоопко да тартуу зарыл! Аларды “пиар” жасаттырып, кайра кызматка келишине мүмкүнчүлүк бербеш керек. Сыягы, сүйлөгөн сөздөрүнүн төркүнүнө караганда А.Өмүрбекова башка кызматты көздөп жаткандай.

Ошондой эле өкмөт коронавирус менен күрөшүүнү катуу көзөмөлгө алуусу зарыл! Анткени,  элди көпкө карантинде кармап туруу кыйын. Анткени, оокат кылыш керек, балдарын багыш керек, жаз келди, айыл-чарба жумуштары турат!

- Сиз сөз кылган шалаакылыкка штабдын башчысы менен кызматтан кеткен Саламаттыкты сактоо министрлиги эле жол бергенби же премьер-министрдин да кенебестиги барбы?

- Өкмөт башчынын да күнөөсү бар, бирок ал вице-премьер-министр жана кол алдындагыларга ишенгендир. Анткени, ал жалгыз эч нерсеге жетишпейт болчу. Кадр саясатынын аксаганыбыз мына ушундай учурда ачык билинди.

Чынайым Кутманалиева