Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, гуманитардык жардамдар калктын аярлуу катмарларына жеткиликтүү болушу керек, өзгөчө, Бишкек шаарынын, Чүй облусунун тегерек-четиндеги жаңы конуштардын, дачалык тилкелердин муктаж болгон жашоочуларына кол сунуу зарыл.

Биринчи вице-премьер-министр бул жаатта жергиликтүү бийлик органдары оперативдүү иш алып баруусу талап кылынарын белгиледи. “Аярлуу катмардагы тургундар жардамдардан четте калбоосуна өзгөчө көңүл бурууга чакырам. Азык-түлүк каражаттары жарандардын каттоосуна көз каранды болбостон, ар-бир жарандын жашаган жери боюнча такталып, жардамга чыныгы муктаждарга таркатылуусу керек. Элге жардам таркатууда түшүндүрүү иштери жетишерлик деңгээлде жүргүзүлүшү тийиш”,- деп белгиледи ал.

Ошол эле учурда Кубатбек Боронов шаар четиндеги тургундар банкоматтардын жетишсиздигинен борборго келүүгө муктаж болуп жаткандыгын белгилеп, бул маселени чечүү үчүн коммерциялык банктар менен тийиштүү иш алып барууну тапшырды.

Ошондой эле калкты социалдык жактан камсыздоо органдары пенсия-жөлөк-пулдарды өз учурунда жергиликтүү почта кызматы аркылуу жарандарга даректүү жеткизип берүү иши так аткарылуусу тийиштигин баса белгиленди.

Мындан тышкары, биринчи вице-премьер-министр аймактардагы штаб жетекчилерине жер-жерлерде иштеп жаткан медициналык жана милиция кызматкерлерине оору жуктуруп албоо маселесине басым жасоо керектигин эскертти.

“Тобокелдик зонасында иштеп жаткан медициналык жана милиция кызматкерлерин, ошондой эле оору жуктуруу тобокелчилиги бар башка бардык кызмат өкүлдөрүн ооруу жуктуруп алуу коркунучунан сактоо иретинде толук шарттар түзүлсүн”,- деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Саламаттык сактоо министрлигине жасалма дем алдыруу аппараттары менен жетиштүү көлөмдө камсыздоону уюштуруу ишин улантуусу тапшырылды. Ошондой эле оорулуу менен катнашта болгон жактарды өзгөчө көзөмөлгө алуу иштерин ыкчамдатуу тапшырмасы берилди. “Медициналык кызматкерлерге шарт түзүлүп, алар күнү-түнү иштеп, бир күндүн ичинде дартты аныктап чыгуу иши колго алынышы керек”,- деп билдирди Кубатбек Боронов.

Мындан тышкары, штабдын жыйынынын жүрүшүндө коюлган милдет-тапшырмалардын аткарылышы талдоого алынып, айрым жетекчилердин ишиндеги кетирилип жаткан кемчиликтер белгиленди.

Кубатбек Боронов жеринде уюштуруу маселесин тийиштүү деңгээлде чече албаган жетекчилер маслесине токтолуп, ар бир кемчилик кетирген жетекчи жумуштан алынып гана тим болбостон, тийиштүү жооперчиликке да тартылаарын эскертти.

“Уюштуруу маселесин тийиштүү деңгээлде чече албаган жетекчилерге талап катуу болот, Ала-Бука районунун акими бир күн кечке кен иштетүү жайына вахтага баргандарды себепсиз кармап отурду. Ошол эле учурда өндүрүш процессин токтотпоо маселесине Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатат”,- деп билдирди биринчи вице-премьер-министр.

Жалал-Абад облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедовго Ала-Бука районунун акимине карата кызматта кетирилген кемчиликтери боюнча тийиштүү чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш берүү тапшырмасы жүктөлдү.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Ала-Бука райондук оорукананын башкы дарыгерине карата медициналык кызматкерлердин коопсуздугуна тийиштүү деңгээлде иш алып барбагандыгы боюнча маселени иликтеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алуу тапшырылды.

Р.S. Редакцияга белгилүү болгондой, Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыровго “КАЗ Минералс Бозымчак” компаниясынын жумушчулары жергиликтүү активисттер ар кандай шылтоо менен жолду тосуп, өткөзбөй жатышкандыктан, жардам сурап кайрылышкан. Жергиликтүү дарыгерлер “Бозымчак” кенине вахтага бараткан кызматкерлерди текшерип чыккандыгына карабастан, белгисиз себептер менен аким алардын өтүүсүнө уруксат бербей, жол азыгы жок жумушчулар түнү бою райондук ИИБнин имаратынын жанында, бусиктерде укташкан. Маселе республикалык бийлик өкүлдөрү кийлигишкенден кийин гана чечилген. Биздин маалымат боюнча, башка дагы кемчиликтри үчүн акимди кызматтан бошотуу сунушталууда.