Кичинекей бир вирус бир заматтын ичинде дүйнөнү дүрбөлөңгө салды.

Бул кудайдын адамзатка жиберген чоң сыноосу: Курчап турган айлана-чөйрө (экология) бузулуп, түбөлүк муздар эрип, аба булганып, дүйнөнү өрт каптап, жаратылыш өтө булганыч абалга кептелди. Ондогон, жүздөгөн учактар кулап, поезддер, кемелер жана кораблдар аварияга учурап, миңдеген тонна майлар океандарга, көлдөргө, дайраларга төгүлүп, жан-жаныбарлар кырылып, экологияга чексиз зыян келтирилип, миңдеген адамдар өлүп, көбү оор жаракат алып, адамзаттын башына оор мүшкүл келген. Дүйнөдө зордук-зомбулук күчөп, адамдар бири-бирин өлтүрүп, боорукердик калбай, бири-биринин канын төгүүгө чейин барышууда.

Азыркы урбанизация заманында үй-бүлө институтуна катуу сокку урулуп, үй-бүлө куруунун маани-маңызы кетип, өз ара түшүнүшүү жана бири-бирине ишенүү болбой, жалгыз жашаган адамдар арбып, ажырашкандардын саны барган сайын көбөйүп барууда.

Жаштардын кээ бир катмары туура эмес жолго түшүп, моралдык жарылууга кабылып, эмгек кылууну каалабай, кылмыштуу жолго түшүп, жеңил жашоону көздөп, бекерге убакыт өткөргөндөрдүн саны барган сайын өсүүдө. Кээ бир тармакта, ата-эненин балдарына болгон таасири акырындап азайууда.

Жылаңачтанган адамдар көчөгө жана театрларга чыгып басуудан тартынбай, улуттук каада-салттар жана руханий дөөлөттөр басмырыланып, адамдын жан дүйнөсү аңтарылып турган мезгил үстөмдүк кылып жатат. Көп жерлерде согуштар токтобой, бейкүнөө адамдар өлүп, адамдар кайгыга батып, шаарлар талкаланып, жашоо токтоп, миллиондогон адамдар өз өлкөсүнөн таштап, качкын болуп, дүйнө кезип кетүүгө мажбур болушууда.

Жер шаарында адамдардын бир ууч катмары тез байып миллиарддаган байлыкка ээ болсо, дүйнөнүн үчтөн бир бөлүгү жакырчылык жашоону башынан өткөрүп жатса, ал эми бир миллиардка чукул адам ачкачылыкка кабылып, өлбөстүн күнүн кечирүүдө.

Бул адамзат өзү түзгөн болуп көрбөгөндөй калыссыздык жана акыйкатсыз көрүнүш.

Ал эми коронавирус башталган үч-төрт айдын ичинде канча миңдеген адамдар каза таап, катуу ооруп, үйгө камалып, мурдагы жай-баракат жашоосу токтоп, дүйнө экономикасына зыян келтирилгенине карабастан кудайдын адамзатка жиберген бул тумоосунун натыйжасында көптөгөн жаңы өзгөрүүлөр болуп, жан дүйнө жаңыланып, адамдардын жашоо маңызы түп тамырынан өзгөрүп, адамдар аз да болсо турмушка башкача мамиле кылууга үйрөнүп, жашоо кайрадан жаңы башталгандай болду.

Көрсө, бул жашоонун маңызы акча, иш, байлык, дөөлөт менен эле ченелбейт экен го? Адамзаттын жашоосунун башкы маңызы - чын ден-соолук, бекем үй-бүлө, балдарга татыктуу тарбия жана терең билим берүү, эл үчүн кылган татыктуу эмгек.

Бул дүйнөлүк апаат өкүм сүргөн кыска убакыттан бери айлана чөйрө тазарып, жаратылыш убактылуу болсо да табигый калыбына келип, мурдагыдай таза, көк кашка суулар агып, а түгүл кээ бир шаарлага дельфиндер келип, адамдар таза аба менен дем алып, түрдүү чымчыктар сайрап, жер шаары булгануу процессинен убактылуу болсо да арыла түштү. Зордук-зомбулук басаңдап, адамдар бири-бирине жамандык кылбай, боорукердик күчөп турган мезгил.

Үй-бүлөөдөн ашык ыйык нерсе жок экендигин турмуш өзү ырастап, баардык балээден жана кырсыктардан сактай турган жалгыз очок - бул үй-бүлөө экендиги ачык билинди.

Ушул апааттын аркасы менен дүйнөдөгү болуп жаткан согуштар, түрдүү чатактар, кагылышуулар кан буугандай токтоду. Миңдеген, жүздөгөн бейкүнөө адамдардын өмүрү сакталып калды. Ондогон шаарлар талкаланбай, миңдеген объектер жабыркаланбай, качкындардын жаңы толкуну пайда болбой, бул процесс убактылуу болсо да токтоп калды.

Мындан тышкары эсеп жеткис байлыгы бар миллиардерлер, дүйнөнү бийлиги жана байлыгы менен башкарган королдор, президенттер жана башка эл аралык деңгээлдеги атактуу жана даңктуу адамдар бул көзгө көрүнбөгөн вирустун алдында алар деле алсыз болуп калаарын кырдаал далилдеди.

Кыскасы, бул апааттын адамзатка, бүт жер шарына тийгизген канчалык оор кесепетине, олуттуу зыянына карабастан анын адам баласына, дүйнө элине берген сабагы, тийгизген таасири, алдын-ала эскертүүсү адамзат, жалпы эле дүйнө адамдары үчүн өтө баалуу сабак болуш керек...