Акыркы сутка ичинде эле 10 айдоочунун тести оң жыйынтык берген, алардын ичинен 4сү кыргызстандык, 6су казакстандыктар. Жамбыл областынын акимиатынан билдиришкендей, айдоочулар транзит менен өтүп баратышкан.

22-марттан бери Казахстандын чек арасынан өткөн адамдарды бир күндүк карантинге ала башташкан. Учурда 64, 44, 36 жана 27 жаштагы кыргыз айдоочулары лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин обсервацияга жаткызылды.

Жамбыл областында акыркы сутка ичинде коронавирустун 17 жаңы учуру катталган. Анын ичинен төртөөсү Дели-Жамбыл каттамы менен учуп келгендер. Бул учакта 15 кыргызстандык дагы келген, алар Кыргызстанда карантинге алынышкан.