Анын жаназасына туугандарынан эч ким катышкан жок. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди:

«Жерге берилгенде тууган-уруктарынан эч ким болгон жок, жанында. Ачык эле айтам», — дейт комендант.

Нурдинов ооруну жайылтпаш үчүн ар бир адам зарыл болбосо үйдөн чыкпашы керек экенин эскертти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2-апрелде Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза болду.

Маалыматка караганда, бейтап буга чейин жүрөктүн коронардык оорусу, инфаркттан кийинки кардиосклероз, өнөкөт вирустук гепатит В, өнөкөт обструктивдүү өпкө оорулары жана 2 типтеги кант диабетинен жабыркап келген.

Эки жыл мурун ашказандагы жарасынан улам операция жасалганы белгилүү болгон.

Булак: Элгезит