.“Урматтуу шаар тургундары, жакынкы бир-эки күндө коронавирустук инфекция жуктуруп алган алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордун инкубациялык мезгили аяктайт. Ошондуктан алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоого суранабыз”, - деди бүгүн Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев.

Белгилей кетсек, оорунун биринчи белгисинин пайда болушуна чейин өтө турган убакыт — 14-21 күн, Кыргызстанда алгачкы учур 18-мартта катталган.

Жакынкы эки күндө оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын инкубациялык мезгили аяктагандыктан, Бишкек шаарынын кошумча тилкелеринде кыймыл чектөөгө алынат. Карантиндик аймак кеӊейип, кыймылды чектөө жана адамдардын, унаалардын топтолушун болтурбоо үчүн базарлардын жана супермаркеттердин жанында санитардык-карантиндик посттор коюларын комендатурадан билдиришти.

Эскерте кетсек, өтө зарыл болгондо гана дарыканага жана азык-түлүк алып келгенге чыкса болот. Жаныӊызда паспорт жана маршруттук баракчаӊызды алып жүрүӊүз, ошондой эле беткап тагынып, колдоруӊузду антисептик менен тазалап туруӊуз.