- Чындыгында Кыргызстанда кадр саясаты “биз парламенттик республика болобуз”,- деген ураан менен Текебаев токуган Конституция кабыл алынгандан бери толук, орусча айтканда “окончательно” өлгөн! Ачыгын айтканда, “мурун эле алат элек, эми чындап кокуй болдук” дегендей эле болду! Мына, ар-кимиңер, жогорку жакты мисал кылбай эле, акыркы он жылда өз райондоруңарга келип кеткен аким сөрөйлөрүңөрдүн, айыл өкмөт башчыларынын дараметтерине, алардын иш билги сапаттарына сары эсеп салып көрсөңөр толук түшүнөсүңөр. Кадр саясатында, биздин кан жаныбызга сиңип калган тууганчыл, өзүмчөл менталитетибиз менен эч качан демократиялык негизде жетекчи тандоо ишке ашпайт! Килейген бир чоң айылдын тагдырын, анын өнүп өнүгүш келечегин бир ууч эле депутаттар чечип, өзүлөрү каалагандай жеке кызыкчылыктардын аркасынды топ-топ боло калышып, эки-күндүн биринде улам айыл өкмөттөрүн алмаштырып отурса Кудайга деле жакпайт да! Андан кызыгы, депутаттардын күчү менен келген айыл өкмөт башчысы райондун акимин бучкагына теңебей туураланып, депутаттардын аркасына жашынып турса анан кайдагы иш, кайдагы тартип! .Жаның кашаят!

Жогору жакта деле ошол. Калп айткан менен болобу, мынабул Саламаттык сактоо министри болуп Космосбек Чолпонбаев чоң креслого кокустан келгенде эле элдин көбү, “туура эмес келди”,- деп нааразы болушканы жалганбы? Эми, аягында көрдүңөр, өзү гана ээрден шыпырылбастан, жакшынакай иштеп жаткан вице-премьерибиз Алтынай Өмүрбекованы кошо ала жатты! Эми, андай болсо да мейли дейли, бирок ошол иштен ак жеринен “айда пошел” болгон Алтынай карындашыбызга күндө көрсөтмө берип башкарып келген премьер-министр деле кошо кетсин...?

Мына, бүгүнкү күндө кайра адис тандоо. Бүт Кыргызстан “отдел кадр” болуп жатып калдык! Бирок, урматтуу досторум, биздин Жогорку Кеңеште “120 отдел кадр” отурганда калп эле убара болбойлучу. Чыны алар биздин сунуштарды өзүлөрүнүн бир жерине жугуп калган “какачча” көрбөйт! Партия лидерлери кадр тандоодо иштин кызыкчылыгынан мурун, эң биринчи өз партиялык тизмесинин алдыга жылышына кызыкдар болот! Эптеп депутаттык креслодо отурган бирөөнүн чама чаркына дараметине карабай туруп, өкмөттүк кызматка түртүп киргизип ийип, анын артында шыкактап турган кийинки дагы бир олигархты депутат кылып, карызынан кутулуу, болду башка максат жок! Бүттү, мына ушундай аракеттердин аркасы менен, биздеги эң негизги болгон кадр саясаты, биз шайлаган депутаттардын жардамы менен “ыраматылык” болуп жаткандыгы кашкайган чындык! Эми ушул илдеттен арылуунун жолу кандай? Азыр мындан кутуулунун бир гана жолу бар, ал президентибиз Сооронбай Шариповичтин жекече, “столду келиштире бир муштаган” күчтүү эрки! Ооба, парламенттик республикабыз билем, мыйзам бар, бирок президент кадр маселесине келгенде иштин кызыкчылыгы үчүн, өзү жакшылап адисти тандап, кийинки жоопкерчилигин өз моюнуна алып, Өкмөттөн, ЖК фракция жетекчилеринен Ажо катары суранса сөзсүз ишке ашарына мен толук ишенем! Биздин кыргыздын менталитети бул жерде жакшы ишке жарап берээри шексиз! Мен азыр мындан башка жолду көрбөй турам! Ошондуктан биздин акыркы үмүтүбүз ажодо гана калды окшойт! Чыны бул илдеттен арылбасак болбойт, калп эле “күн өтсө болду”,- деп кайпалактап, камаарабай жата берсек сазга батканыбыз баткан!