Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинини басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды.

"Ошондой эле бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон. Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн саат 13:00дөгү брифингде кошумча маалымат берет", - деп билдиришти министрликтен.

Белгилей кетсек, 3-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы 9 жаңы учур катталып, жалпы бейтаптардын саны 125 кишиге жетти.

Булак: Кабар