Тышкы иштер министрлигинин бүгүн, 2-апрелдеги маалыматы боюнча, кыргызстандыктар Россиянын жараны менен кошо Хайбер Пахтунхва провинциясынын Абботабад шаарына дааватка барышкан.
Коронавирус аныкталган кыргызстандык жарандардын бири 70 жашта, экинчиси 68 жашта болсо, үчүнчүсү 61 жашта.
«Азыркы учурда бир жаран ооруканага жаткырылды. Анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар. Анда дагы коронавирус аныкталган. Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баарынын абалы туруктуу деп бааланууда», - деп айтылат ыкчам штабдын маалыматында.
Бул жарандар Кыргызстандын Исламабаддагы элчилигинде консулдук каттоого турган эмес жана мекемеге жардам кайрылган жок. Элчилик Пакистандын медицина мекемелери, ошондой эле укук коргоо органдары менен байланышта болууда.
Буга чейин Исламабад шаарындагы 1 кыргызстандык жарандан жана башка шаарда 2 жарандан коронавирус аныкталганы маалымдалган болчу.
Кыргызстанда жалпы 116 адамдан коронавирус аныкталды.
Беш бейтап дарылануудан кийин ооруканадан чыгарылды.
Булак: Баракелде