Коронавирустук инфекциянын чагылгандай тездик менен таркап жаткандыгына байланыштуу, Кыргызстандын мамлекеттик бийлиги да бул апааттан мүмкүн болушунча азыраак жоготуу менен чыгуу максатында колгон келген иш-аракетин жасап жатат.

Пандемияны жеңип чыккан Кытайдын тажрыйбасына таянсак, бул илдеттин жыйылуусун токтотуунун бирден-бир чарасы – “өзүн оолак кармоо” болуп эсептелет. Ошондуктан да, кыргыз бийлиги эпидемиологиялык кырдаал коркунуч туудурган аймактарга Өзгөчө абал режимин киргизүүгө аргасыз болгон. Жалал-Абад облустунун Сузак району дагы бул режимде жарым айдай убакыттан бери жашап келе жатат. Албетте, мындай кырдаалда биринчи кезекте элдин турмуш-тиричилиги токтойт. Бизде күнүмдүк жумуш аркылуу жан баккан үй-бүлөлөр көп. Албетте, өкмөт да жергиликтүү айыл өкмөттөр менен муктаж жарандардын тизмесин түзүп, жардам берүүдө. Бирок, өкмөттүн бардыгына жарадм берүүгө чамасы жетпейт, муну туура түшүнүшүбүз керек.

Дал ошондуктан, эл-журт кыйын күнгө кабылганда жөлөк болчу эр азаматтар эске түшөт. Дүйнөлүк апаат келгенден бери коомчулукта да жакшы көз караштар байкалып, ар ким колунан келишинче элге көмөк көрсөтүүдө. Бул саамалыктан Жогорку Кеңештин экс-депутаты, “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын тең-төрагасы Камчыбек Ташиев да четте калган жок. Алгач Сузак районунда өлкөдө биринчилерден болуп коронавирус жуктурган адамдар чыкканда ошол замат шашылыш жетип, элге 20 миң маска жана нан азыктарын таркатып кеткен.

Бүгүн Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен дагы бир кайрымдуулук акциясы ишке ашты. Биринчиден, “Ата-Журт” партиясынын мүчөсү, депутат Динара Исаева партиянын тең-төрагасы К.Ташиевдин сунушу менен каражат бөлүп, 310 кап ун Сузак районунун Атабеков, Барпы, Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн тургундарына таркатылды. Мындан тышкары, К.Ташиевдин өзүнүн каражатына 200 муктаж үй-бүлөгө продукталардын топтому тапшырылды. Алардын тизмеси жергиликтүү айыл өкмөттөрү менен макулдашылган. Бул кайрымдуулук иш-чарасы жакында Жалал-Абад шаарында да улантыла турган болду.

Жардам алган үй-бүлө мүчөлөрү Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирип, бата тилешти. “Бул менин уулуңар катары жарандык милдетим. Бир дагы үй-бүлө кароосуз калбашы керек, жакшылык ишибизди токтотпой, уланта беребиз”,- деди К.Ташиев.