Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 116 кишиге жетти.

"Катталган 5 жаңы учурдун ичинен Ош облусуна караштуу Ноокат районунда – 2 адам, Ош шаарында – 1 адам жана Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында – 2 адам бар", - деп кошумчалады ал.

Мамбетов билдиргендей, жаӊы тастыкталган учурлардын экөөсү сырттан келген жарандар, 3 – ооругандар менен байланышта болгон.

Эске сала кетсек, күн мурун, 1-апрелде Кыргызстанда коронавирус жуктурган 4 жаңы учур катталган болчу. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 116га жетти. Алардын ичинен беш адам коронавирустан айыгып чыккандыгы кабарланды.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Булак: Кабар