- Калдарбек мырза, коронавирус менен күрөштү күчөтүү талап болуп турган мезгилде өкмөттүн мүчөлөрү алмашты. Ал тургай алардын ордуна келчүлөр да белгилүү болду. Мындай учурда квотага басым кылбай, чыныгы адистерди ишке тартышыбыз керек беле?

- Чынынмды айтсам, алардын баягы эски кухнясын түшүнгүм келбейт. Бирок, аны коронавирус ачыктайт окшойт. Эл толкубай аман болушун тилейм.

- Саламаттыкты сактоо тармагына  жогору жак менен мамилеси бар болгон адам келсе жыйынтык болобу же эпидемиолог келсе жакшы жыйынтык береби?

- Албетте адис керек! Бирок, азыр тайманбай кемчиликти бетке айтып, өкмөттөн акча талап кылып, масалелерди чечкен, радикал көз карашы бар адам керек. Жок, “баары бар, баары жакшы” деп отура берген адам келсе дагы шорубуз катат! Коронавирус жеп тынат биздин элди!

Чынайым Кутманалиева