- Камила эже, өкмөттөгү  айрым кадр алмашууда чыныгы адистер тандалдыбы же кыйын кырдаалда деле квота деген маселе эске алындыбы?

- Ашууда ат алмашчу эмес эле. Сабыржан Абдикеримов такшалган кадр. Саламаттыкты сактоо тармагынын ар түркүн көйгөйүн көзгө сайгандай так билет. Татыктуу деп ойлойм.

Ал эми депутат Аида айым аткаруу бийлигинде мен билгенден иш тажрыйбасы жок болушу керек. Ошондуктан, бир топ кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн.

Бирок, билимдуу киши. Аракет кылса, маселени тамырынан бери түшүнүп, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө энергиясы жетет деп ойлойм

- Бирок , орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт болуп калбайбы?

- Чынында кырдаал кыйын. Сумма өзгөрөбү, жокпу, убакыт көрсөтөт.

Чынайым Кутманалиева