Кыргызстанда мезгилдүү басма сөз каражаттары ишин токтотууга аргасыз болушту. Буга биринчи кезекте коронавирустук инфекциянын жайылышынын алдын-алууга багытталган иш-чаралар себеп болгондугу белгилүү. Дагы кандай себептер бар? “Майдан.kg” гезитинин башкы редактору Нургазы Анаркуловго кайрылдык.

- Кыргызстандагы басылмалар, анын ичинде “Майдан.kg” гезити дагы ишин токтоткону белгилүү болду. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө гезиттердин пандемияга байланыштуу токтоп калган учурун байкай элекпиз. Тескерисинче, элге такталган маалыматты жеткизүүдө гезиттердин ролу бүгүн абадай зарыл учур. Ушундай шартта ишиңиздерди токтотпой, уланта берсе болбойт беле?

- Ачыгын айтуу керек, бүгүнкү күндө коронавирустук инфекциянын өзүнөн да, ага байланыштуу маалыматтар коркунучтуу болуп турган учур. Эгерде элге өз учурунда, туура жана такталган маалыматтар жеткизилип турса, пандемияга каршы күрөш да шыр кетет эле. Тескерисинче, маалыматтык вакуум жарала турган болсо, бул өз кезегинде ушактардын көбөйүшүнө жол ачат. Биздин коом башынан бери эле фейк-маалыматка жакын, расмий булактарга караганда ушактарга көбүрөөк жетеленишет. Жыйынтыгы жаман кесепеттерге алып келет. Мисалы, тамак-аштын жетишсиздиги (кампабызда толуп турса да) тууралуу ушакты дагы кызыкдар адамдар чыгарат. Мунун артынан дүрбөлөң түшүп, кызыл кулактар кыска аралыкта бир жылда дагы ала албаган пайдага туйтунушту. Жалган маалыматка ишенип, азык-түлүктү кымбат баада толтура сатып алган жарандар болсо түштөн кийин баштарын жерге салып олтурушат. Фейк-маалыматтарды таркаткандарды таап жатышат, алар кечирим сурап жатат. А бирок ошого карабастан эмнеге токтобой жатат? Анткени, эл толук кандуу маалымат менен камсыз боло албай жатат. Элге бул маалыматты жеткизе турган Республикалык штаб, өкмөт, тийешелүү органдар. Демек, алар массалык маалымат каражаттарын өздөрүнө тартып, тыгыз байланышта болушу зарыл да. А мунун ордуна Бишкектин коменданты дүйнөдө жок кылыкты баштап, “журналисттерге пропуска бербейм!”- деп чыкты. А бирок, ошол эле коменданттык саат, өзгөчө абал режиминде элге так маалыматты журналисттер гана жеткизе аларын эмнеге аңдабай жатат? Мына, ошондой аракеттин айынан ушактар көп болуп, токтобой, бул жагын токтотсо, экинчи жагынан чыгып жатат. Ошол эле учурда, өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал аймагында жашаган адамдарда абдан көп суроолор жаралып жатат, ага жооп берген адам жок. Дал ушул вакуумду мурда гезиттер жаап келаткан. Анткени, маалыматтык сайттар, телерадионун иш принциби – маалымат кууп туруу менен чектелет. Ал эми биз, басма сөз каражаттары кырдаалга анализ берүү менен бирге, учурдагы кырдаал боюнча керектүү макалалар топтомун сунуштай алабыз. Элет жериндеги карапайым адамдар бүгүнкү күндө маалыматтын жетишсиздигинен жабыркап жатышат. Себеби, гезиттердин окурмандарынын басымдуу бөлүгү айыл-кыштактарда.

Эми сиздин сурооңуздун өзөгүнө келе турган болсок... Кыргызстандын басма сөз рыногу чакан эле. Мисалы, башка мамлекеттерде басылмалар чыгарган продукциясын сатуу кыйынчылыгы эмне экендигин такыр билишпейт. Мисалы, бул вазийпаны аткарып келген “Союзпечать” менен “Кыргызпочтасынын” азыр дайын-дареги жок. Биз газетаны дүңүнөн жеке тараптарга өткөзүп беребиз. Алар аркылуу аймактардагы ошондой эле жеке тараптарга таркап, элге сатылат. Казахстанда, Россияда киоскалар тармагы кадимкидей сакталып калган, бизде болсо анын баары сатылып, талоонго учураган. Абалды оңдоону канча кайрылсак да, эч ким колго албайт. Ошондуктан, биздин жеке адамдар менен иштешүүдөн башка аргабыз жок. Ишибиздин убактылуу токтоп калгандыгынын биринчи себеби да ушуга байланыштуу – өзгөчө абал киргизилгенден кийин жолдор жабылды, адамдардын жүрүм-турумдары чектелди. Аймактарга продукция жеткизүү кыйындады. Жеткен күндө да аларды сатууга чектөөлөр кирген. Ошондуктан, гезит дүң базары жабылып калды. Газетаны эл окубагандан кийин чыгарып не кереги бар? Экинчиден, басмаканалар дагы ишмердүүлүктүн тыюу салынган тизмесине кирип калды, алар дагы жабылды. Үчүнчүсү, жогоруда да айттым, комендантура тарабынан журналисттердин жүрүшүнө чектөөлөр коюлду. Мындай шартта маалымат топтоо, даярдоо кыйын.

- Бул кырдаал дагы канча созулат деп ойлойсуз?

- Өзгөчө абал 15-апрелге чейин киргизилген. Ишибизди ошол мөөнөттө жандандырууну пландап жатабыз. Бирок, коронавирустук инфекциянын жайылуу динамикасын эске ала турган болсок, өзгөчө абал дагы созулушу мүмкүн. Биз үчүн эң маанилүү маселе – бул кырдаалдан мүмкүн болушунча аз жоготуулар менен чыгуу. Ошондуктан, гезитибиздин эмгек жамааты да үйдөн чыкпай, карантинди карманууда. Арийне, өкмөт гезиттердин ролун туура баалап, чектөөлөрдү атайын биз үчүн бошоңдотуп, шарт түзө турган болсо, пандемия учурунда элге туура маалымат жеткизүүдө чоң жардам кылат элек. Мисал катары Россияны алалы. Бул өлкөнүн субъектилери өз аймактарында “самоизоляция” режиминде мезгилдүү басма сөз каражаттарын колдоп жатышат. Шарт түзүп берип жатат.

Окурмандарга кайрылып кетким келет. Дүйнөдө коронавирусту башында анча таңазар албаган мамлекеттер андан абдан жабыркап жатышат. Бул тана алгыч чындык. Бирок, бүгүн да өлкөбүздө пандемияга байланыштуу чараларды тамаша катары кабыл алган жарандар бар. Италияда ошондой болду да. Айтып жатса да укпай, көчө таптап жүрүп алышты. Көбүнесе вирус ошондой бейбаш адамдардын айынан таркап кетти. Кыргыз алакандай элбиз. Вирус менен тамашалашпайлы! “Үйдө олтур”- деп суранып жатышса, демек анын зарылчылыгы бар. Пандемияны изоляция жолу менен гана женүүгө болорун Кытай бүт дүйнөгө көрсөттү. Жоопкерчиликтүү бололу! Келечекте Кыргызстан деген мамлекетти көргүбүз келсек, дарыгерлердин сөзүн угуп, үйдө олтуруп, аларга жардам берели! Биз, журналисттер болсо, сиздерге туура маалыматты жеткизип турабыз...