Ушул тапта карантин жарыяланган үчүн студенттер үйдөн окууга аргасыз болуп жатышат. Айрымдары Билим берүү министрлигине кайрылып, “келишим акысын азайткыла” же “төлөө мөөнөтүн узартып бергиле” деген өтүнүч менен кайрылууда.

КР Билим берүү министрлиги студенттердин сунушу каралып жатканын айтты. Доцент Табылды Акеров болсо, Билим берүү министрлигинин сындап, буларга токтолду:

- Контракт боюнча университет студенттерди “күндүзгү бөлүмдө (очный) окутам” деп милдеттемесин алган. Бирок, университет азыр “очно” эмес, сырттан (заочно) окутууга өтүп жатат. ЖОЖдор муну эми июнга чейин жылдырып алууну көздөп жатышат. Сырттан окутканда, контракттын баасы өтө төмөн. Мисалы, эгер котракт боюнча 35 миңден 50 миңге чейин болсо, сырттан окуганда 22 миңден 28,30 миңге чейин. Бүгүн онлайн окуп жаткан стунденттер сырттан окуп жаткан студенттерден айырмаланып, күндө кадимки сабакка келгендей онлайн лекцияларды алып жатат. Башкача айтканда, мугалимдердин түйшүгү да көбөйүп жатат. Ошон үчүн  контракт азайышы керек. Мугалимдердин айлыгы көтөрүлүшү керек. Себеби, мугалимдер ар бир стундет менен түздөн -түз иштешип  жатышат. Эгер конттракт азайтылбаса, анда университеттер алдамчылык (“мошенничество”) менен аракеттеген болуп калат.

Чынайым Кутманалиева