Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков КР Коопсуздук кеңешинин жыйынында  коронавирустун алдын алуудагы кемчиликтерге жол берилгени үчүн Республикалык штаб менен Саламаттык сактоо министрлигинин ишин сынга алып, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны көбөйүп жатканы, алдын алуу иштери алуу иштери жетишсиз болгонун баса белгиледи.

Ошондой эле ажо Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге коронавирус жуккандар менен байланышта болгондорду өз убагында аныкташпаганын айтып, “январь айында “бардык лабораториялар даяр” деп айтып жаткансыз. Иш жүзүндө сиз айткандай болбой чыкты. Тесттен өткөрүү боюнча реагенттер жетишсиз экен. Министрлик өз убагында ыкчам аракеттерди көрүшү керек болчу. Аны кылбаптырсыңар”, - деди.

Жыйынтыгында КР Коопсуздук кеңеши премьер-министрге айрым өкмөт мүчөлөрүнө коронавирустун өлкөдө жайылышынын алдын албаганы үчүн чара көрүү сунушун жөнөттү. Ошондуктан, жакын арада К.Чолпонбаев кызматтан ыргый турган болсо – таң калбай эле коюу керек.