2020-жылдын 31-мартына карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 13 жаӊы учуру катталды:

Бишкек ш. – 1

Нарын облусу – 3

Ысык-Көл облусу – 2

Чүй облусу – 1

Ош облусу – 5

Жалал-Абад облусу – 1

Бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58и аял, 49у эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

Үч бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эки жарандын абалы орточо оор, бир жаран жасалма дем алдырууга кошулду.