Урматтуу Кыргызстандын жарандары!

Урматтуу өлкөбүздүн жалпы коомчулугу!

Ушул мезгилдерде  Кыргызстанда  жашаган жалпы баардык жарандар дүйнөлүк апаатка байланыштуу, оор учурду башынан өткөрүп жаткан мезгили. Кыргыз Республикасынын Президенти, Өкмөт, тийиштүү мамлекеттик органдар өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша бардык аракеттерди көрүүдө. Өлкөгө келген ооруну ооздуктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жасалууда.

Кыргызстандын дээрлик көпчүлүк жарандары буга түшүнүү менен мамиле кылып, үйлөрүнөн чыкпай, коюлган бардык шарттарды аткарышууда. Ооруну мүмкүн болушунча эрте жеңүү үчүн алар башкаларга үлгү болушууда.      

Сиздерге аталган Элдик Кеңештин атынан чоң ыраазычылык билдиребиз.

Ал эми тилекке каршы, кээ бир жарандар бул таажытумоого каршы күрөшүү үчүн коюлган шарттарды аткарбай, өлкөнүн ичиндеги жана тышындагы чек араларды бузуп, өлкө жетекчилиги жарыялаган өзгөчө абалдын талаптарына баш ийбей, өз жеке кызыкчылыгы үчүн гана аракеттенип жатышы өкүнтө турган көрүнүш.

Ошондуктан сиздерден өтүнүч, өзүңүздөрдүн жана башкалардын ден-соолугун ойлоп, алты миллион элибиздин келечегине кам көрүп, өзгөчө абалдын талаптарын кыйшайуусуз аткарышыңыздарды суранаар элек.

Азыркы учурда миңдеген дарыгерлер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери өлкөдөгү өзгөчө абалдын талаптарын аткаруу үчүн жанын аябай күнү-түнү иштеп жатышканын көрүп жатабыз. Аларга ушул кезде Кыргызстандын жарандарынын жана коомчулугунун ар-тараптуу колдоосу жана өз ара түшүнүүсү зарыл болуп турат. Ансыз бул катаал илдет менен күрөшүү дагы көп убакытка узарып кетиши толук мүмкүн.

Ар бир Кыргызстандын жараны, өлкөбүздө жашап жаткан чет элдик атуулдар учурдагы түзүлгөн оор абалга өтө жоопкерчилик менен мамиле кылышы абадай зарыл.

Мына ушундай ыйык максатты ишке ашыруу үчүн Элдик Кеңештин Борбордук Штабы бүткүл Кыргызстандын жарандарына кайрылып, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жалпы элге кайрылуусун колдоо максатында бул оор тумоону жеңүү үчүн Кыргызстандык ар бир жарандан колдон келген жардамдарыныздарды, колдооңуздарды көрсөтүүнү суранабыз.

Колунда бар бай инсандардын айрымдары республикалык эсепке каражаттарын которуп көмөктөрүн көрсөтүүдө. Бирөөлөр элди ун, чай, май менен камсыз кылууда. Дагы бирөөлөр элди миңдеген беткап менен камсыз кылып далайлардын сообуна калууда.

Кээ бирөөлөр, айрыкча жаштар ыктыярчылык кылып бийлик органдарына жана оорулууларга зарыл жардамдарды көрсөтүшүүдө. Ошентип элдин бир бөлүгү кайдыгер калбай, ушинтип колдон келген жардамдарын көрсөтүп жатышы кубанаарлык көрүнүш.

“Келечекке жол” Элдик Кеңешинин Борбордук Штабы жана жалпы эле мүчөлөрү Президенттин кайрылуусуна жооп кылып, жер-жерлерде иштеп, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Калк арасына удургутуп, ызы-чуу салгандарды токтотуп, элди сабырдуулукка чакырып жатабыз.

Бул уюмдун атынан маалымат каражаттары аркылуу жалпы элге кайрылып, мындай оор абалдан чыгуунун жолдорун сунуштап жатабыз. Элдик Кеңештин активдүү мүчөлөрүн, айрыкча жаштарын даярдап ыктыярчылык (волонтердук) милдетти аткаруу үчүн аракеттерди көрүүнү пландап жатабыз..

Мындан тышкары, Элдик Кеңештин Борбордук Штабынын мүчөлөрү каражат чогултуп, Республикалык эсепке 73 000 сом акча которулду.

Биз бардык Кыргызстандын жалпы жарандарына кайрылып, ушундай оор кырдаалда Кыргызстандын дарыгерлеринин жана бул оору менен күрөшүп жаткан бардык адамдарынын каарман эмгегин баалап, колдон келген жардамыныздарды беришинерди суранаар элек. Кайдыгерлик жана “мен гана” деген өзүмчүлдүк аракеттер, өз кызыкчылыгын гана ойлоо, мыйзамдарга жана тийиштүү талаптарга баш ийбөө, элибизге зыянын гана тийгизе турган көрүнүш.

Азыркы учур бизден бул оору менен күрөшүүдө бир муштум болуп биригүүнү талап кылууда .

Жалпы Кыргызстандын эли биримдикте, ынтымакта болгондо гана бул илдетти жеңип, элибиздин эң ыйык болгон ден-соолугун сактап, бул абалдан ийгиликтүү чыгаарыбызга бекем ишенебиз.

Сиздерди сыйлоо менен

“Келечекке жол” Элдик Кеңешинин

Борбордук Штабы.

Байланыш телефондору:

 0777 275434, 0550 053030,

0771 396478, 0706 363840.