Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи май, Свердлов райондорунда 20 көчө, Ленин районунда 25 көчө жана Октябрь районунда 7 борбордук көчө атайын тазалоодон өткөрүлдү. Ошондой эле жер алдындагы жана жер үстүндөгү өтмөктөр, таштанды челектер жана талаалар, аялдамалар, ошондой эле мейманканалар, базарлар, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын имараттары, мечиттер дезинфекцияланып жатат.

«Тазалыктын» 104 кызматкери атайын техникалар менен күнүнө эң аз 5 жолу карантин зоналарына барып жатышат. Күн сайын миллион чарчы метр жол жана тротуарлар тазаланууда. Дезинфекция иштери план боюнча күн сайын жүргүзүлүп жатат.

Булак: Баракелде