“Коронавирус илдети жөн жерден эле чыга калган жок. Бул кара энергия!”
- Кыргызстанды, дегеле бүт дүйнөнү түйшөлтүп, азапка салып жаткан коронавирус илдети жөн жерден эле чыга калган жок. Бул кара энергия. Ошон үчүн чоң державаларда күч алып, оорунун жайылышы да тездеп, ал турсун өлүм да башкаларга салыштырмалуу көп болуп жатат. Негизи кара энергия адамдын пейили кетип, эч кимге жакшылык кылгысы келбей калгандан, талаш-тартыш күчөгөндөн, нааразычылык көбөйгөндөн улам пайда болот. Адамдардын пейили кетип жаткан үчүн жараткан “өзгөргүлө, эсиңерге келгиле!”- деп түрдүү кырсыктарды жөнөтүп жатат. Анын бири Австралиядагы өрт. Миллиарддаган жаныбарлар жөн эле тирүүлөй күйүп кеткен жок. Ал турсун мөндүр да жөн эле жаабайт, суу да жараткандын каалоосу жок ташкындабайт. Дүйнө элин түйшөлткөн кырсыктын баары адамзатты “өзгөр, акылыңа кел” дегенден кабар берет. Анткени, адамзат табият менен жакын. Жашоо тирилиги да табиятка көз каранды. Ошон үчүн Жараткан табигый кырсыктарды берип, “акылыңарга келгиле” деп белги берип жатат. Бул бир жагы. Экинчи жагы бул кырсыктардын баары, дүйнө элин дүрбөлөңгө салган апаат да куранда, ыйык китептерде жазылгандай аян келди. Тагыраагы, кыяматка - акыйкат деген сөздү айткан белги келди. “Нитиңерди оңдогула, өзгөргүлө, жакшы ниет кылып, бата тилегиле”- деди. Улуу, касиеттүү күчтөргө арнап кан чыгарсак гана бул сыноолорду жеңээрибиз айтылды.
“Кан чыгарып, элге бата тилешибиз керек”
- Касиеттүү адамдар бул жыл бурулуштарга бай жыл болоорун, 2020 - өзгөчө жыл болоорун, түрдүү кубулуштарга бай болоорун эбак эле билгенбиз. “Кыргызстанга жакшы жыл боло көр”- деп өзүбүз кан чыгарып, ыйык жерлерден бата тилечүбүз. Элибизге, бүткүл адамзатка тынчтык тилечүбүз. Адамзат ыйманга келип, кут жаайт деп күткөнбүз. Касиеттүү жолдогулар жараткандын нуру жаасын деген максатта тилек кылып, нур дүйнө деп айта баштаганбыз.
“Коронавирус күчүн жоготот”
- Кыргыз эли улуу эл болгон үчүн, Манас атабыз баштаган, касиеттүү адамдар колдогон үчүн көп учурда кыйынчылыкты жеңип, ал турсун табигый кырсыктардын кесепети жеңил болчу. Бу сапар да рухтарды ыраазы кылсак, руханий байлык менен келген апаат, сыноонун баарын жеңебиз. Мамлекетибизди да туура багытта өнүгүүгө багыт алдыра алабыз. Антпесек, чайналып кыйынчылыктан башыбыз чыкпай, азаптуу күндөрдү баштан кечирип, эл бийликке, бийлик элге нааразы болуп, опурталдуу мезгилдерди баштан кечирип жүрө беребиз. Ошондой оор сыноолордон оолак болуш үчүн ар бирибиз өзгөрүүнү өзүбүздөн башташыбыз керек. Ниеттерибизди оңдошубуз шарт. Ниетибизди оңдоп, Жараткандан жакшылыкты чогуу чаран тилесек гана мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшөт. Коронавирус да тез эле күчүн жоготот. Буюрса күчүн жогото баштады. Колдоочубуз күчтүү болгон үчүн да Кыргызстанга жеңил түрү келди. Тагыраагы, баштагыдай уюлгуган кара энергия чокмороктошуп чогуу турбай бөлүнүп тарай баштады.
Чынайым Кутманалиева