Депутаттар акчанын күчү менен эмес, абийирдин күчү менен шайланышат

- Бу сапар бийлик каалагандай эмес, эл каалагандай шайлоо болот. Тагыраагы, акчанын күчү менен эмес, депутаттар абийирдин күчү менен шайланышат. Бийлик шайлоонун жыйынтыгын өздөрү каалагандай кылып чыгарабыз десе жаңылат. Анткени, эл бу сапар жасалма шайлоого жана административдик кысымга жол бербейт.

“Азыр камалгандардын баары мезгили келгенде эркиндикке чыгып акталышат”

- Каныбек Осмоналиев камакта жатканы менен убакыттын өтүшү менен акталат.  Бирок, азыр аларга илинчек табуу үчүн тергөө болуп жатат.

Равшан Жээнбековду жөн эле камап жатышат. Анын күнөөсү деле жок. Мезгили келгенде акталат. Азыр камалып азап тартып жаткандар мезгили келгенде чыгат. Ал турсун Сапар Исаков да бир канча убакыттан кийин амнистияга туш болуп эркиндикке  чыгат.

“Садыр Жапаровду жанындагылар сатып жатышат”

- Садыр Жапаров да азыр чыкпаганы менен мезгили келгенде эркиндикке чыгат. Буюрса жакшылыктар алдыда. Болгону анын эркиндикке чыгышын жанындагылар кечеңдетип жатышат. Тагыраагы, ал шек санабаган адамдар аны сатып жатышат. 

“Сейит Атамбаев саясатта ийгилик жарата албайт”

- Атамбаевдин баласы Сейит Атамбаев “атамдын жолун жолдойм. Саясатка аралашам”- деп турат. Бирок, саясаттын баары ал күткөндөй болбойт. Ал саясатта ийгилик жарата албайт. Элдин колдоосуна ээ боло албайт.

Аэлита Сатындиева