Дагы 11 автоунаа айып короого токтотулган, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Бул жарандар Бишкек шаары, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат учурунда — саат 20:00 менен 07:00 аралыгында көчөдө жүрүшкөн.

Алардын ичинен:

- Бишкек шаары боюнча 157;

- Ош шаары боюнча 21;

- Жалал-Абад шаарында 20;

- Сузак районунда 6;

- Кара-Суу районунда 15;

- Ноокат району боюнча 4 адам эреже бузган.

Баарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык саат аяктагандан кийин бошотулган. Коменданттык саат башталгандан бери (25-марттан тарта) жалпы 784 адам коменданттык сааттын эрежелерин бузганы үчүн кармалган.

ИИМ «Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык 26-беренеде каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалып, жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча 3 суткадан ашпаган мөөнөткө кармала турганын эскертет.

Булак: Баракелде