Мисалы, “коменданттык саат бүткөндө көчөдө калгандар камалып, анан 3 миң сом айып пул төлөсүн” деген эреже киргизүү ою айтылды. “Бул аргасыздыкпы же өкмөттүн акча табуу аракетиби?”- деп айрым адамдарга кайрылды.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев айып пул тууралуу кабары жок экендигин айтты. “Бирок, өкмөт пайда көрмөк түгүл баш-аягын таба албай жатат. Анан кайдан пайда көрүүнүн аракетин көрмөк эле”,- деди ал.
Коомдук ишмер Самсаалы Четинбаевдин айтымында, коменданттык сааттын эрежелерине баш ийбегендерге мындай чара колдонуу – туура: “Өкмөттүн бул демилгесин жеке мен колдоого алам. Өкмөт бул чараны ойногонунан чыгарып жаткан жери жок. Кандай көйгөй жаралбасын аны биз тартип менен гана жеңе алабыз”.