25-мартта коменданттык сааттын тартибине баш ийбеген, патрулдук милицияга кол көтөргөн Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Эрнест Молдошев убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Бирок, ал 26 март күнү Свердлов соту тарабынан үй камагына чыгарылды. Бирөөнү сөккөндөр олчойгон оор беренелер менен камакка алынып, милицияга кол көтөргөн бул жигит үй камагына чыкты. Ошондо бирөөнүн абийирине шек келтирип сөккөнгө караганда милицияга кол көтөргөндүн беренеси жеңил болуп калабы?
Акыркы маалыматка караганда, Э.Молдошев ЖКдагы жумушунан да кеткен. Буга “өз каалоосу менен жазган арызы себеп болду”- дешти. Чынында андай эмес экенине шектенип турабыз.