Коронавирус илдетин мындан ары жайылтпоо максатында Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондоруна 25-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилди. Анткени, аталган ооруга чалдыккандардын саны дээрлик 44тү чапчыды.

- Кыргызстандын түштүк баш калаасында 17 мекеме, мунун ичинде борбордук базар, Жапалак унаа базары, "Боорукердик" карылар үйү, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги убактылуу ишин токтотту, - деди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев. - Бирок, калк күн сайын керектөөчү товар-продукцияларды соодалаган түйүндөр сааркы саат 8.00дөн кечки саат 20.00гө дейре эч үзгүлтүксүз иштешет.

Ал эми Ош облусунун жана Ош шаарынын коменданты, милициянын полковниги Малик Нурдинов аймакта санитардык-карантиндик көзөмөл абдан күчөтүлгөндүгүн кошумчалады: “- Ош шаарында 11, ал эми Ош облусунун аймагында 62 санитардык-карантиндик бекет жайгаштырылды. Ал жердеги текшерүүчүлөрдүн курамында Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрликтеринин, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү бар. Булардын негизги милдетти: Адамдардын бири-бири менен карым-катышын чектөө”.

Ошентсе дагы, айрым кызыл кулактар кырдаалдан куп пайдаланышып, азык-түлүктөрдүн наркын атайлап кымбаттатып жатышкандыгына жергиликтүү калк абдан эле нааразы.

- Бизде деле ун заводу бар. Тилекке каршы, ун тартыш жана кымбат! - деп ыйлактады Кара-Суу районунун тургуну Асылбек Абдырахманов. - Кыргыз бийлиги ушул адам мителер менен үзгүлтүксүз күрөшпөйбү? Анткени, каатчылыкты дал ушулар жаратып жатышат...

Ноокат районунун тургуну Алишер Жусупов элди мынчалык чочулатуунун кажети жок деп эсептейт.

- Саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик элди минтип өздөрү дүрбөтпөстөн, тескерисинче, калк арасында агартуу жана түшүндүрүү жараянын интернет, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу күчөтүүсү абзел! - дейт Ноокат районунун жашоочусу Алишер Жусупов. - Ошондо гана кыска аралыкта оң натыйжасын берээри шексиз.

- Карасаңар, эй! Бир кезде чыпталап сатылган унду базарлардан ит менен дагы издеп таппайсын. Бүт жерде килолоп гана сатып жатышат,- деп аябай тызылдады Ош шаарынын тургуну Марапат Миңбаева. - Мурун 50килолук бир чыпта ун 1325 сом эле. Эми минтип килосун 45-50 сомдон сатканда, бир чыпта ундан эле 1000сомдон ашык пайда көрүп жатышпайбы. Антимонополия агенттиги буларды неге текшерип, тескебейт? Анткени, экөөнүн тең тили бир!

А бул аралыкта Жогорку Кеңеш депутаты, "Бир бол" фракциясынын жолбашчысы Алтынбек Сулайманов айрым арам ойлуу шылуундардын азыркы учурдан куп эле пайдаланышы өлкөбүздө дагы бир социалдык жарылуунун шарттайт деп катуу эскертти: “- Кыргыз Өкмөтү коронавирустун алдын алууда жана аны ооздуктоодо абдан эле чабалдык кылып жатат. Ошондуктан, дал ушундай кырдаалдан айрым кызыл кулактар куп гана пайдаланышууда. Карасаңар, эй! Министрлер кеңсесинин эмдигиче коронавирус менен күрөшүү боюнча план-программасы жок! Анан кантип бул илдет менен алышат?”.

Ошентип, Кыргызстанда коронавирус дартына кабылган азырынча 44 адам аныкталды. Булардын 20сы Ош облусунун, 19у Жалал-Абад облусунун, бирөө Чүй облусунун, бирөө Баткен облусунун, ал эми үчөө Бишкек калаасынын тургундары. 44 жаран менен көрүшүп-саламдашкан 1328 киши дагы эле дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө турат.

Алишер Токсонбаев