- “Коронавирустун жайылышы боюнча маселе жарала турган болсо, керт башым менен жооп берем”- деген Саламаттыкты сактоо министринин сөзү күчүндөбү? 

- Бир сөз менен айтканды ушунун баары 25 жылдык медицинадагы “ийгиликтүү реформанын”, тармактагы түзүлгөн акыбалдын жыйынтыгы!  Буга бир эле министр күнөөлүү эмес. Ага чейин 10 министр иштеген! Ошолордун да тиешеси бар.

- Короновирусту жеңүү үчүн бирөөлөргө доомат коё бербей ар ким өзү үчүн аракет кылышы керекпи?

- Бул вирусту жеңүү үчүн ар ким өз ишин так, туура аткарыш керек эле. Өкмөттөн баштап катардагы жарандарга чейин. Тилекке каршы, баары тескери. Биз өтө алсыз өлкө болдук. Анын себеби өтө эле көп. Тагыраагы, эл бийлеген жетекчилерден жөнөкөй  адамдарга чейин компетентсиз болду. Алардын бири коомдун өтө саясатташып кеткени десек болот. Айтайын дегеним, коомдук аң-сезим төмөн өлкөдө мындай нерсе өтө чоң зыян алып келет экен.

- Жашы улгайган адамдардын коронавируска келгенде “тобокелчиликтин биринчи сабында” тургандыгы айтылууда. Башка мамлекеттерде бул категориядагы адамдар өзгөчө коргоого алынууда. Биздин өкмөттүн бул багыттагы иш-чарасын кандай баалайсыз?

- Коронавирус улгайган адамдарга кооптуу жагдай жаратып жатканынан улам премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө абал учурунда улуу муундагы адамдарды аралыктан иштетүү зарылдыгын айтып, же аларды  иштен толук бошотуу керектигин баса белгиледи. Анткени, көп учурда өкмөттүн сунушун эске албаган айрым мекеме-уюмдар улгайган адамдарды иштен толук бошотпой жаткан учурлар болуп жатканын айтты. Премьер-минисрдин минтип жатканын да себеби бар. Анткени, Саламаттыкты сактоо министрлиги 60 жаштан жогорку курактагы адамдарга вирустун зыяны көбүрөөк таасир этет деген аныктоолорду берген.

Чынайым Кутманалиева