Урматтуу мекендештер!

Соңку отуз жылда эгемен кыргыз элине, өлкөсүнө экинчи ирет апаат келди. Биринчисинде, 90-жылдары, улуу мамлекет СССР кулап, кыргыз экономикасы оор кризиске учурап, гиперинфляция шайды оодарып, айлык, пенсия, жөлөкпулдардын куну жүз эселеп төмөндөп, жумушсуздук тумандай басып, өлкө ачарчылыкка кептелген эле. Бирок, кайраттуу, эмгекчил, акылман элибиз ал апааттан он жыл аралыгында чыгып кеткен.

Эми, 2020-жылы дагы бир апаатты жеңүүгө мажбур болуп олтурабыз. Бул оор мезгилде баарыбыз биринчи планга биримдикти, ынтымакты жогору коюп, көнүмүш ич-ара тирешүүлөрдү, бири-бирибизди мазактап, каралоону убактылуу токтотуп, Президент, Жогорку Кеңеш жана өкмөт тарабынан кабыл алынып жаткан чечимдерди, жасалып жаткан иш-аракеттерди толугу менен колдоп берүүбүз ар бирибиздин атуулдук парзыбыз.

Ошондой эле, элибизди оор мезгилде колдоого алышкан Камчыбек Ташиев, Аскар Салымбеков, Өмүрбек Бабанов, Райым Матраимов, Камчыбек Жолдошбаевдердин саясий позицияларын сынга алууну токтото туруп, тескерисинче, алардын аракеттерин мүмкүн болушунча колдоого алуубуз зарыл. Ушул багытта мен да алгачкы демилгемди сунуштайм. Мурда министр, губернатор болуп иштеген адам катары соңку отуз жылда кыргыз бийлигинде иштешкен коллегаларыма, экс-министр жана экс-губернаторлорго, кайрылам. Коронавирус эпидемиясына каршы күрөшүү боюнча өкмөт ачкан эсепке иштеп жүргөндөрүбүз бир айлыгыбызды, пенсиядагылар бир айлык пенсиябызды которуп берели!. Биримдик, ынтымак менен экинчи апаатты да жеңебиз!

Бекболот Талгарбеков

P.S. Өз салымын кошууну чечкен экс-коллегаларым ФИОлорун кызым Элнура Талгарбековага смс аркылуу жөнөтсөңүздөр (0557 100 878). Каражатты каякка, кантип которууну өкмөттүн аппарат жетекчиси менен аныктайбыз.

Редакциядан: Бекболот агайдын бул демилгеси “Фейсбукта” жарык көрөөрү менен аны колдогон жана каражат которо турган экс-коллегалары үн катканы белгилүү болду. Аларды атай кетели. Экс-министрлер: Султан Урманаев, Равшанбек Сабиров, Эмилбек Узакбаев, Мустафа Кидибаев, экс-губернаторлор: Бейшенбек Болотбеков, Турдубек Мамбетов, Болоткан Кумаров, Ажыбек Касмалиев. Эми биздин гезитти окушкан башка экс-коллегалары да өз салымдарын кошот деп ишенебиз.

Булак: “Майдан.kg” газетасы